Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Спортчу Нурбек Тойчубаев алтын медаль тагындыКыргызстандык спортчу Нурбек Тойчубаев паратриатлон боюнча Дүйнө кубогунда алтын медалдын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу өлкөнүн Триатлон федерациясы билдирди. Паратриатлон боюнча Дүйнө кубогу Түркиянын Алания шаарында өттү. Нурбек Тойчубаев мелдеште PTS4 классында катышып, биринчи орунду ээлеген. Буга чейин Тойчубаев Дүйнө кубогу жана Азия чемпионатында күмүш жана коло медалдын ээси болгон.(GT) 02.10.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31488903.html |
Loading...
|
Жарыялар |