карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго 9 судья дайындады. ТизмеӨлкө башчы Судьяларды тандоо кеңеши сунуштаган талапкердин баарын жактырып, кызматка дайындоо жарлыгын чыгарган. 05.10.2021 : sputnik.kg источник: https://sputnik.kg/politics/20211005/1054130806/sadyr-zhaparov-9-sudyany-dayyndady.html |
Loading...
|
Жарыялар |