Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR100.70101.70
RUB1.2001.240
KZT0.17500.2000

обновление 10.06.2026 21:01:37

Ташкент менен Ашхабат ишкерлерге виза берүүнү жеңилдетүүгө жетишти

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 4-5-октябрь күндөрү Өзбекстанда расмий сапар менен болду. Анын алкагында 2004-жылдагы жарандардын өз ара карым-катышы боюнча макулдашууга оңдоолор киргизилип, эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө визалык тартипти жеңилдетүү боюнча протоколго кол коюлду. Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө бул документ сөзсүз түрдө ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп, улут аралык ынтымакты чыңдоого кызмат кылары айтылган. Эки...


06.10.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31495600.html

 
Loading...

Авто-мото