карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Келин болуп баргандан заарканышат. Суу көкөйгө тийген Папандагы айылдын видеосуКызыл-Туу айылынын жашоочуларынын кары-жашы дебей таң эрте эшекке фляга артып, колго канистр, чака көтөрүп Ак-Буура дарыясына барат. Сууну эрте алып албаса мал кечет же дагы бир нерсе болуп булганат. 12.10.2021 : sputnik.kg источник: https://sputnik.kg/video/20211012/1054201924/osh-papan-ajyly-taza-suu-kojgoju-video.html |
Loading...
|
Жарыялар |