Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
БШК шайлоо комиссияларына санитардык талаптарды аткарууну тапшырдыБорбордук шайлоо комиссиясы аймактагы шайлоо комиссияларынан санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого чакырды. Ага ылайык, комиссия мүчөлөрү отурган жер күн сайын дезинфекцияланып, жуулуп турууга тийиш. Шайлоочулардын идентификациясын аныктоочу буюмдар ар бир шайлоочу менен иштегенден кийин дезинфекцияланышы керек. Имаратка кирген ар бир жаран колун санитайзер менен тазалап, дене табы текшерилүүгө тийиш. Бет кап, кол кап жана башка коргоочу каражаттар сөзсүз түрдө болуп, адамдар... 04.11.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31545519.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |