Аялын тамашалаганда
Бир киши аялын текшерип көрөйүн деп
"мени сүйөт бекен, же сүйбөйт бекен" деп план кылат.
Анан аялы үйдө жокто кат жазып баштайт:
"мен кеттим, сени менен ажырашам, сени менен жашай албайм" деп,
катты бөлмөсүндөгү тумбочканын үстүнө коюп, өзү дивандын астына жашынат.
Жолдошу бул кичинекейлерди оюну экенин түшүнсө да, жубайын текшергиси келет.
"Жубайым менин кеткениме кайгырабы?! деп.
Аялы үйүнө келип, бөлмөсүнө кирип катты алып окуйт.
Анан калем сапты алып, жанагы катка бираз жазат.
Аял телефонду алып:
-Алло,жаным кандайсың?, элестет жолдошум өзү эле кетип калыптыр,
эмнеге ушуга турмушка чыкканыма өзүм да түшүнбөйм, эми мунун баары артта, эми сен барсын!
Азыр барып калам, жолугабыз, деп сүйлөшөт!
Шкафты ачып сонун кийимдерин кийип, бийлеп үйдөн чыгып кетет!
Аялы кеткенден кийин, жолдошу ыйлап дивандын астынан чыгып, ачуусу келип, шайы кетип, эмне кылаарын билбей,
катты алып окуйт. Катка аялы минтип жазган болот:
- Жаным мен сенден башка эч кимди сүйгөн эмесмин, сүйбөйм дагы, Сени сүйөм ошол үчүн сага турмушка чыккам.
ДИВАНДЫН АСТЫНАН БУТУН КӨРҮНүП ТУРАТ, чык! МЕН ДҮКӨНГӨ НАНГА КЕТТИМ, азыр келем ТАМАКТАНАБЫЗ! деп жазган болот!
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкекте Тилек Мураталиевдин элесине арналган бильярд боюнча турнир өтүп жататБишкекте “Турар” басмаканасын негиздеген Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналган бильярд боюнча экинчи эл аралык турнир өтүп жатат. Бул тууралуу мелдештин башкы калысы, спорт журналисти Кабыл Макеш билдирди. Турнирге Кыргызстан менен Казакстандан 24 бильярд чебери катышууда. Тилек Мураталиев 1960-жылы Кочкордо туулган. 2020-жылы инфарктан улам көз жумган. Мураталиев 2016-жылы кыргыз маданиятына кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган. Маркум көзү тирүү кезинде кыргыз... 13.11.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31559501.html |
|
Loading...
|