"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку
Беларуска келген 200 мигрант аларды кайра Иракка кайтарууну өтүндүИрактын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, Евробиримдиктин аймагына кирүүнү көздөп Беларуска келген 200 ирактык кайра мекенине кайтууну өтүнүп элчиликке кайрылышкан. Бул тууралуу "Интерфакс" жазып чыкты. Эвакуациялык рейс 18-ноябрда уюштурулат. Ирак дипломатынын айтымында, мекенине кайтып барууну каалагандардын саны дагы өсүшү ыктымал. Кайрылгандардын арасында аялдар, балдар жана жубайлар бар. Алардын баары учурда Минскиде рейсти күтүүдө. Эки миңдей мигрант 14-ноябрда... 16.11.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31564508.html |
|
Loading...
|
|
|