Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.8089.70
EUR94.5095.50
RUB0.9400.970
KZT0.13900.2050

обновление 19.04.2024 20:30:16

Дебат: Депутаттыкка талапкерлер Жогорку Кеңештин кадыр-баркын кантип көтөрөт? Партия өкүлдөрү жооп берди

Бүгүнкү дебатта талапкерлерге "Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө карата айтылган сын-пикирлер, парламенттин калк арасындагы аброюнун түшкөндүгүн белгилеген ойлор көп айтылат


24.11.2021 : www.super.kg

источник: https://www.super.kg/kabar/news/386755/

 
Loading...

Жарыялар