Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.9089.80
EUR94.4095.40
RUB0.9400.970
KZT0.13500.2050

обновление 19.04.2024 13:20:18

"Ата-Мекен" партиясынын мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

Асия Сасыкбаева "Ата-Мекен" партиясынан байкоочу:“Кечки саат 21ден өткөндө мен караганда "Ата-Мекенге" добуш бергендердин саны 71,500дөн ашык болчу


29.11.2021 : www.super.kg

источник: https://www.super.kg/kabar/news/387799/

 
Loading...

Жарыялар