Кыргызча анекдот / апенди:

Карыздан кутулуу
Бир жигит досунан 100 000 сом карызга алат экен, бир жылдан кийин 20 процент кошуп 120 000 сом кылып берем дей экен.
арадан бир жыл өтүптүр, досу жигитке келип сүйүнүп сурат экен,
- Досум арадан бир жыл өттү, эми акчамды проценти менен кошо бер деп
жигит досуна ишинин жакшы болбогондугун айтып 5-6 ай дагы убакыт бер дейт экен
арадан 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип дагы сурайт экен,
мурунку эле жоопту алыптыр:
- Ишим жүрүшпөй жатат, 5-6 ай дагы убакыт бер, дейт экен
досу:
- Досум процентин албай эле койдум, 100 000 сом алган акчанды эле бер, дептир.
жигит аны да бергенге акчасы болбогондукугун айтып досун 5-6 айдан кийин берейин дейт экен.
арадан дагы 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип 100 000 сом карызын бер дейт экен, жигит дагы деле ошол эле шылтоону айтып акчам жок иштерим жүрүшпөй жатат дептир, досу карызын толук алалбашын сезип жок дегенде 80 000 сомун алайын деп, досуна:
-мейли, 100 000 сомдун баарын албайын, 80 000 сомун бер анда дептир,
жигит 5-6 айдан кийин келгенде 80 000 сомун берерин айтып жөнөтөт.
5-6 ай өтөт, досу жигитке келип 80 000 сомун бер деп сурайт, мурунку эле шылтоо, акча жок деген, досу жигитке жини келип ар келгенде шылтоо айтып жөнөтө бересинби дептир,
Жигит анда айтыптыр:
- Досум бираз сабыр кылып күтө турчу, акырындык менен карызындан кутулуп жатам го, 120 000 сомдон 80 000 сом калды го - дептир


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.2089.10
EUR95.0096.00
RUB0.9600.980
KZT0.14000.2050

обновление 18.05.2024 13:40:17

Байден менен Путин сүйлөшүү өткөрүшөт

АКШнын жана Орусиянын президенттеринин бүгүнкүгө, 7-декабрга белгиленген видео аркылуу сүйлөшүүсү орус-украин чек арасында абал чыңалып, Украинанын НАТОго кошулуу келечеги кызуу талкуу жаратып, Орусияга аймактагы коопсуздукту сактоо талаптары күчөп турган чакта өткөнү жатат. Жо Байден быйыл январда президенттик кызматка киришкенден бери Владимир Путин менен экинчи ирет өзүнчө сүйлөшкөнү турат. “Албетте, эки тараптуу мамилелер талкууланат. Бул мамилелер азыр начар абалда” деп билдирди...


07.12.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31597085.html

 
Loading...

Авто-мото