Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
Президент Жапаров Бишкекте чоң стадион куруларын билдирдиБишкек шаарында 30 миңдей киши сыйган жаңы стадион куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. “Учурдагы кыргыз футбол чөйрөсүндө көйгөйлөр да жок эмес. Инфраструктурабыздын начардыгы спорттун бардык тармагы үчүн эң чоң көйгөй жаратып келет. Өлкө боюнча жаңы стадиондорду куруу аймактарда футбол оюндарын өнүктүрүүгө чоң түрткү бермек. Кудай буюрса, Бишкек шаарынан баштайбыз.... 10.12.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31603568.html |
Loading...
|
Жарыялар |