Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Октай:«Түрксат 5Б менен өз спутнигин чыгарган алгачкы 10 өлкөнүн бири болдук»Октай Анкарадагы Түрксаттын Гөлбашы кампусунда өткөрүлгөн аземде Türksat 5B (Түрксат 5Б) спутнигинин Америка Кошмо Штаттарынын Флорида штатындагы Кейп Канаверал базасынан учуруу учурун көрдү. 19.12.2021 : www.trt.net.tr |
|
Loading...
|
|
|