Аялын тамашалаганда
Бир киши аялын текшерип көрөйүн деп
"мени сүйөт бекен, же сүйбөйт бекен" деп план кылат.
Анан аялы үйдө жокто кат жазып баштайт:
"мен кеттим, сени менен ажырашам, сени менен жашай албайм" деп,
катты бөлмөсүндөгү тумбочканын үстүнө коюп, өзү дивандын астына жашынат.
Жолдошу бул кичинекейлерди оюну экенин түшүнсө да, жубайын текшергиси келет.
"Жубайым менин кеткениме кайгырабы?! деп.
Аялы үйүнө келип, бөлмөсүнө кирип катты алып окуйт.
Анан калем сапты алып, жанагы катка бираз жазат.
Аял телефонду алып:
-Алло,жаным кандайсың?, элестет жолдошум өзү эле кетип калыптыр,
эмнеге ушуга турмушка чыкканыма өзүм да түшүнбөйм, эми мунун баары артта, эми сен барсын!
Азыр барып калам, жолугабыз, деп сүйлөшөт!
Шкафты ачып сонун кийимдерин кийип, бийлеп үйдөн чыгып кетет!
Аялы кеткенден кийин, жолдошу ыйлап дивандын астынан чыгып, ачуусу келип, шайы кетип, эмне кылаарын билбей,
катты алып окуйт. Катка аялы минтип жазган болот:
- Жаным мен сенден башка эч кимди сүйгөн эмесмин, сүйбөйм дагы, Сени сүйөм ошол үчүн сага турмушка чыккам.
ДИВАНДЫН АСТЫНАН БУТУН КӨРҮНүП ТУРАТ, чык! МЕН ДҮКӨНГӨ НАНГА КЕТТИМ, азыр келем ТАМАКТАНАБЫЗ! деп жазган болот!
Кийинки анекдот/апендини оку
Беларус баш мыйзамын өзгөртүү: Лукашенко журт атасы жана Кремлге жол бошотууБеларус улуттук укуктук интернет порталында өлкө баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор чыгарылды. Ал документти Александр Лукашенко, өзүнүн айтымында, өзү жазган. Анда бийлик бутагындагы айрым өзгөртүүлөр жана мамлекеттик тил катары орус тилинин орду жазылган. Оппозициячылар болсо мындай өзгөрүүлөр өлкөдөгү жашоону өзгөртпөсүн жана Лукашенконун тушундагы референдум өзөктө атайын операция болот деп жатышат. 28.12.2021 : www.bbc.co.uk источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/cl0eje540qgo?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA |
Loading...
|
Жарыялар |