Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.60101.60
RUB1.1951.230
KZT0.15000.1950

обновление 11.06.2026 08:31:43

"Азаттык"-2021: Жааган ок, кайнаган саясат, эриген мөңгү

Узап бараткан 2021-жылы Кыргызстан бир катар окуяларды баштан кечирди. “Азаттыктын” журналисттери алардан ар бирине күбө болду. Жамы журттун кубанган, кейиген, толкундаган мүнөттөрү тасмага, аудиого, макалага айланып, доордун үнү катары тарыхта калды. Төмөндө ошол урунттуу учурлардын айрымдарын “Азаттыктын” кабарчылары эскерет. "Жааган октун алдында калдым" Акыркы он жылдан бери кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактар бат-бат катталууда. Быйыл апрель айынын соңунда Кыргызстандын...


30.12.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/azattyk-2021-zhaagan-ok-kaynagan-sayasat/31628196.html

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк