Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.6095.60
RUB0.9550.975
KZT0.14000.2060

обновление 29.04.2024 06:35:18

Кадыров ата-энеси менен чогуу "эмгек сиңирген укук коргоочу" деп жарыяланды

Орусиядагы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров, анын атасы Ахмат Кадыров жана апасы Аймани 31-декабрда республиканын “эмгек сиңирген укук коргоочусу” деп жарыяланды. Тиешелүү буйрукка аймактын Акыйкатчысы Нурди Нухажиев кол койгонун "Грозный" республикалык телеканалы билдирди. Акыйкатчы салтанаттуу сөзүндө Кадыровдордун үй-бүлөсүнүн "адам укуктарын жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон зор салымын" белгиледи. Бул иш-чарага Чеченстандын башчысы жана анын апасы катышкан...


31.12.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31634632.html

 
Loading...

Жарыялар