Кыргызча анекдот / апенди:

Орус кыргыздын үйүндө конокто
Бир заманда орус менен кыргыз корүшүп, Орус кыргызча, кыргыз орусча билбейт экен. Бир күнү кыргыз орусту үйүнө коноко чакырыптыр. Орус кыргыздын үйүнө келип дасторкондон эч нерсе жебей отуруптур. Кыргыз "уялбай жей бер" дегенди кандай айтарын билбей,
оруска "ешь, ешь как тебе не стыдно" дептир.
Орус андан сайын эч нерсе жебей, бир ордунда отура бериптир.
Кыргыз ойлоптур "мүмкүн буга кой союп бериш керек деп". Аны кандай айтарын билбей оруска "я тебя как барана зарежу" дептир. Орус ордунан тура салып качып бара жатса. "Ары-бери өткөндө келип тур" дегенди кандай айтарын билбей ,
качып бара жаткан оруска "туда-сюда пройдешь, все равно поймаю" дептир...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD86.5086.85
EUR90.9091.50
RUB0.8550.875
KZT0.12220.1795

обновление 21.11.2024 16:25:24

Кыргызстанда былтыр 430 миңдей тонна эт өндүрүлдү

Айыл чарба министрлиги былтыр жалпысынан 428,9 миң тонна эт өндүрүлгөнүн, бул мурдагы жылга караганда 2% көп экенин маалымдады. Мекеме мындай көрсөткүч өлкөдө мал-келдин санынын көбөйгөнү менен байланыштуу экенин белгиледи. Былтыр 1698,9 мин тонна сүт алынды жана бул 2020-жылдагы караганда 1,9% арбын. Соңку бир жылда өлкөдө эттин баасы 30-40% кымбаттады. Сүт азыктарынын дагы баасы көтөрүлдү. Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал...


18.01.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31659338.html

 
Loading...

Жарыялар