Кыргызча анекдот / апенди:

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD85.8086.60
EUR91.7092.70
RUB0.9601.000
KZT0.12700.2000

обновление 03.07.2024 17:10:11

БШК Орозайым Нарматованы депутаттык мандаттан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыгрызстан” фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Мындай чечимге ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду. Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Боршайкомдун 20-январдагы жыйынында бул маалыматтарды ырастап, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде...


20.01.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/bshk-orozayym-narmatovany-deputattyk-mandattan-azhyratty/31663578.html

 
Loading...

Жарыялар