карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Легендага айланган Алдакул улакчынын баяныЖерге-Талдын Сары-Кенже айылында атагы бүтүндөй Кара-Тегин өрөөнүнө тараган Алдакул чабандес жана анын досу раматылык Кутмидин жөнүндөгү бул баян окурманга жагат деп ойлойм. Ат жалында ажалдан да жалтанбайт Ал ашкере кайраты, чеберчилиги, өжөрлүгү, кара күчү менен көк бөрү болгондо эч кимди алдыга чыгарчу эмес. Азыркы футбол мыктылары Роналду, Месси ж.б.у.с. жаштардын кандай кумири болсо, бала кездеги биздин кумирибиз Алдакул ава эле. Мейли жөө улак тарталы (ушундайыбыз да бар болчу),... 27.01.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/legendaga-aylangan-aldakul-ulakchynyn-bayany/31673867.html |
|
Loading...
|
|
|