Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR90.5091.50
RUB0.9250.940
KZT0.12080.1800

обновление 12.02.2025 13:55:25

Тик-Ток нерв оорусуна себепкерби?

Словакияда жасалган учуучу автоунаа расмий каттоодон өттү. Өспүрүм кыздардын көзү же бети тартылып жатканына TikTok себеп болушу мүмкүн. Робот чочкого өз алдынча операция жасады. “Азаттыкта” “Илим жаңылыктары” түрмөгү. Учкан унаа расмий катталды Словакиялык Klein Vision компаниясы өндүргөн алгачкы AirCar аэроунаасы учууга жөндөмдүү экенин тастыктаган расмий сертификациядан өттү. Компаниянын жетекчилиги билдиргендей, Евробиримдиктин улуттук транспорттук башкармалыгы берген уруксат эми...


29.01.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/tik-tok-nerv-oorusuna-sebepkerbi/31677382.html

 
Loading...

Авто-мото