Кыргызча анекдот / апенди:

Аялын тамашалаганда
Бир киши аялын текшерип көрөйүн деп
"мени сүйөт бекен, же сүйбөйт бекен" деп план кылат.
Анан аялы үйдө жокто кат жазып баштайт:
"мен кеттим, сени менен ажырашам, сени менен жашай албайм" деп,
катты бөлмөсүндөгү тумбочканын үстүнө коюп, өзү дивандын астына жашынат.
Жолдошу бул кичинекейлерди оюну экенин түшүнсө да, жубайын текшергиси келет.
"Жубайым менин кеткениме кайгырабы?! деп.
Аялы үйүнө келип, бөлмөсүнө кирип катты алып окуйт.
Анан калем сапты алып, жанагы катка бираз жазат.
Аял телефонду алып:
-Алло,жаным кандайсың?, элестет жолдошум өзү эле кетип калыптыр,
эмнеге ушуга турмушка чыкканыма өзүм да түшүнбөйм, эми мунун баары артта, эми сен барсын!
Азыр барып калам, жолугабыз, деп сүйлөшөт!
Шкафты ачып сонун кийимдерин кийип, бийлеп үйдөн чыгып кетет!
Аялы кеткенден кийин, жолдошу ыйлап дивандын астынан чыгып, ачуусу келип, шайы кетип, эмне кылаарын билбей,
катты алып окуйт. Катка аялы минтип жазган болот:
- Жаным мен сенден башка эч кимди сүйгөн эмесмин, сүйбөйм дагы, Сени сүйөм ошол үчүн сага турмушка чыккам.
ДИВАНДЫН АСТЫНАН БУТУН КӨРҮНүП ТУРАТ, чык! МЕН ДҮКӨНГӨ НАНГА КЕТТИМ, азыр келем ТАМАКТАНАБЫЗ! деп жазган болот!
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR95.1096.10
RUB0.9500.975
KZT0.14000.2050

обновление 06.05.2024 11:20:13

Сокулукта эки жашар бала токмоктолуп ооруканага түштү

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Ага ылайык, милицияга сабалып, аймактык ооруканага жаткырылган эки жашар бала тууралуу маалымат 3-февралда кечки саат 9дар чамасында түшкөн. Бул факт райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергеп иликтөө башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кыргызстанда буга чейин дагы ата-энесинен, жакын тууганынан, же бала багуучудан токмок жеп, ооруканага түшкөн учурлар катталган. Социалдык тармактарда...


04.02.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31686056.html

 
Loading...

Жарыялар