Кыргызча анекдот / апенди:

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR100.50101.50
RUB1.0801.110
KZT0.15000.1900

обновление 06.04.2026 02:14:36

Кайра шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталат

Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдагандай, бүгүн 5-февралга карата Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Сверлов райондук бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 53 талапкер катталды. Жалпы 72 кишиден арыз келип түшкөн. Алардын 58и эркек, 14ү аял. 14 талапкер катталуу тууралуу арызын кайра алды. Беш талапкердин документтери толук болбогондон улам каттоодон четтетилди. Биринчи май райондук №27 шайлоо округунан 27, Свердлов райондук №29 округдан 26 талапкер катталды....


05.02.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31687929.html

 
Loading...

Жарыялар