Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкекте эстелик орнотууну чектөө сунушталууда"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси шаардын борбордук бөлүгүнө айкел, мемориалдык такта сыяктуу эстеликтерди орнотууну чектөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. "Шаардын борборунда белгилүү адамдардын айкелдери өтө көп болуп кетти. Алардын баарын батыруу, тазалоо жана карап, оңдоп турган атайын мекеме жок. Албетте, коомго эмгеги сиңген адамдардын атын даңазалоо маанилүү, бирок азыр орун калбай калды. Азыркы тапта коомдук... 09.02.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31694544.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |