Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Байрактар, Жырткыч, Оруучу: Согуш дрондорунун айырмасыСогуштук дрондор бир убактарда аскердик супердержавалардын артыкчылыгы болуп келген болсо, азыр эми андай эмес. Аларды козголоңчулар жана чакан мамлекеттер колдонуп жатканы кармаштын табиятын эбак эле өзгөрттү деп жазат Жонатан Маркус. 17.02.2022 : www.bbc.co.uk источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/cllnjp38702o?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA |
|
Loading...
|
|
|