Кыргызча анекдот / апенди:

Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD86.8087.70
EUR93.0094.00
RUB0.9650.985
KZT0.13500.2010

обновление 12.06.2024 20:00:18

Украинадан ажыратылган аймактар далайыбызды убайга салат

Путин өзү жазгандай кандаш тууганы, тамыры бир, тагдырлаш Украинага кол салды. Салганы ошол, сегиз жыл мурда өзүн элдик республика атап алган жикчил Луганск менен Донецк областтарын өз алдынча мамлекеттер деп тааныды.


23.02.2022 : www.bbc.co.uk

источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/c72lnzrw7jro?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA

 
Loading...

Жарыялар