Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.2089.10
EUR95.3096.30
RUB0.9600.975
KZT0.13930.2050

обновление 19.05.2024 01:40:13

Германия Украинага курал-жабдык жеткирерин билдирди

Германиянын өкмөтү Украинага 1000 танктарга каршы курал жана 500 «Стингер» деп аталган зениттик ракета жеткирерин билдирди. Буга чейин Берлин Украинага курал-жабдык жеткирүүдөн баш тартып келген. «Биз Путиндин армиясынан коргонууда Украинаны колдоо үчүн колубуздан келгенин жасоого милдеттүбүз»-деп жазды Германиянын канцлери Олаф Шольц. Украинанын президенти Владимир Зеленский немис өкмөтүнүн чечимин кубаттады. Буга чейин Польшанын өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий айрым Батыш...


27.02.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31725380.html

 
Loading...

Авто-мото