Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.60101.60
RUB1.1951.240
KZT0.17000.1980

обновление 10.06.2026 12:17:19

"Орусия-Украина согушу күчөсө, кесепети көп өлкөгө тийет"

Орусия -Украина согушу күчөп, сүйлөшүүлөр жыйынтык бербесе, дүйнөдө системалар өзгөрүп, анын кесепети көп өлкөлөр үчүн оор болот. Кыргызстан тобокелчиликтерди алдын алуу үчүн атайын программаларды иштеп чыгышы керек. Мындай пикирин коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.


01.03.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/orusiya-ukraina-sogushu-kuchoso-kesepeti-kop-olkogo-tiyet/31730381.html

 
Loading...

Кызматтар