апенди
Апендинин барбаган жери, кылбаган иши жок эмеспи. Анын сыңарындай апенди АКШда МАИде иштеп калат экен. Кечке турса да эч кимге штраф жаза албайт дейт. Иш убактысы бүтүп, эми кетейин деп жатса, жолдон велик минген бирөө баратыптыр.Апенди аны токтотуп: "Сага штраф жазам" десе, тиги: "Жок, мага штраф жаза албайсың. Себеби, мен попмун.Бир далымда Мариям эне, бир далымда Иса ата бар" дептир. Анда апенди: "Омееей, жол эрежесин даана силер бузган турбайсыңарбы. Беш жүз доллар штраф жазам. Себеби, бир великке үчөөңөр минип алыпсыңар" деген экен.адыл
Кийинки анекдот/апендини оку
Орусия Facebook социалдык түйүнүн жаптыОрусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемеси Facebook социалдык түйүнү бөгөттөлгөнүн расмий кабарлады. Аталган тармакка орусиялык жарандар 4-марттын таңынан баштап кире албай жатышкан, бирок анын жабылганы расмий маалымдала элек болчу. Facebook социалдык түйүнүнө ээлик кылган Meta компаниясы азырынча муну комментарийлек элек. Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, сайтты бөгөттөөгө Facebook компаниясынын Орусияга таандык 26 жалпыга маалымдоо каражаттарынын баракчаларын жапканы себеп... 05.03.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31736659.html |
|
Loading...
|
|
|