карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкекте кесип тандоо боюнча форум өтүүдөБүгүн, 13-мартта Бишкекте мектеп окуучуларына жана абитуриенттерге кесип тандоодо туура багыт берүүгө арналган чоң форум өтүп жатат. Кыргызстанда мындай форматта алгачкы жолу уюштурулган иш-чараны School Club билим берүү борбору өткөрүүдө. Ага 500гө чукул окуучу жана мектепти быйыл аяктап жаткан жаштар чакырылган. Түрдүү тармактагы тогуз спикер тажрыйбасы менен бөлүшөт. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Нуржигит Кадырбеков, юридика илимдеринин доктору Сания... 13.03.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31750479.html |
|
Loading...
|
|
|