Кыргызча анекдот / апенди:

Аялын тамашалаганда
Бир киши аялын текшерип көрөйүн деп
"мени сүйөт бекен, же сүйбөйт бекен" деп план кылат.
Анан аялы үйдө жокто кат жазып баштайт:
"мен кеттим, сени менен ажырашам, сени менен жашай албайм" деп,
катты бөлмөсүндөгү тумбочканын үстүнө коюп, өзү дивандын астына жашынат.
Жолдошу бул кичинекейлерди оюну экенин түшүнсө да, жубайын текшергиси келет.
"Жубайым менин кеткениме кайгырабы?! деп.
Аялы үйүнө келип, бөлмөсүнө кирип катты алып окуйт.
Анан калем сапты алып, жанагы катка бираз жазат.
Аял телефонду алып:
-Алло,жаным кандайсың?, элестет жолдошум өзү эле кетип калыптыр,
эмнеге ушуга турмушка чыкканыма өзүм да түшүнбөйм, эми мунун баары артта, эми сен барсын!
Азыр барып калам, жолугабыз, деп сүйлөшөт!
Шкафты ачып сонун кийимдерин кийип, бийлеп үйдөн чыгып кетет!
Аялы кеткенден кийин, жолдошу ыйлап дивандын астынан чыгып, ачуусу келип, шайы кетип, эмне кылаарын билбей,
катты алып окуйт. Катка аялы минтип жазган болот:
- Жаным мен сенден башка эч кимди сүйгөн эмесмин, сүйбөйм дагы, Сени сүйөм ошол үчүн сага турмушка чыккам.
ДИВАНДЫН АСТЫНАН БУТУН КӨРҮНүП ТУРАТ, чык! МЕН ДҮКӨНГӨ НАНГА КЕТТИМ, азыр келем ТАМАКТАНАБЫЗ! деп жазган болот!
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.8089.70
EUR94.7095.70
RUB0.1380.205
KZT0.92000.9700

обновление 03.05.2024 12:00:16

Кыргызстан аркылуу Сирияга кетүүгө аракет кылган чет өлкөлүктөр кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сириядагы согуштук аймакка баруу үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн чет элдик эки адамды кармаганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, шектүүлөр -  Борбор Азиядагы мамлекеттердин биринин жараны. Алар Жалал-Абад шаарында мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен жашынып жүргөн жеринен 13-мартта колго түштү. Кармалган эки адам Кыргызстанга келгенден кийин Сирияга чыгып кетүү үчүн өздөрүнө Кыргызстандын паспортун...


15.03.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31753439.html

 
Loading...

Жарыялар