Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR100.20101.20
RUB1.0201.100
KZT0.11000.2000

обновление 19.03.2026 04:05:43

Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Жалал-Абад шарында 18-мартта катуу жааган жамгырдан Көк-Арт дарыясынын деңээли көтөрүлүп, Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын сол жээгин жеп кеткен. Натыйжада 569 үйгө жана 11 мекеме-ишканага кооптуу абал жаралган. Ага байланыштуу мэр Эрнисбек Ормоков шаарга 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча буйрук чыгарды. Буйрукка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча нөөмөттөр уюштурулуп, менчигинин түрүнө карабай инженердик...


20.03.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31761776.html

 
Loading...

Жарыялар