Кыргызча анекдот / апенди:

Аялын тамашалаганда
Бир киши аялын текшерип көрөйүн деп
"мени сүйөт бекен, же сүйбөйт бекен" деп план кылат.
Анан аялы үйдө жокто кат жазып баштайт:
"мен кеттим, сени менен ажырашам, сени менен жашай албайм" деп,
катты бөлмөсүндөгү тумбочканын үстүнө коюп, өзү дивандын астына жашынат.
Жолдошу бул кичинекейлерди оюну экенин түшүнсө да, жубайын текшергиси келет.
"Жубайым менин кеткениме кайгырабы?! деп.
Аялы үйүнө келип, бөлмөсүнө кирип катты алып окуйт.
Анан калем сапты алып, жанагы катка бираз жазат.
Аял телефонду алып:
-Алло,жаным кандайсың?, элестет жолдошум өзү эле кетип калыптыр,
эмнеге ушуга турмушка чыкканыма өзүм да түшүнбөйм, эми мунун баары артта, эми сен барсын!
Азыр барып калам, жолугабыз, деп сүйлөшөт!
Шкафты ачып сонун кийимдерин кийип, бийлеп үйдөн чыгып кетет!
Аялы кеткенден кийин, жолдошу ыйлап дивандын астынан чыгып, ачуусу келип, шайы кетип, эмне кылаарын билбей,
катты алып окуйт. Катка аялы минтип жазган болот:
- Жаным мен сенден башка эч кимди сүйгөн эмесмин, сүйбөйм дагы, Сени сүйөм ошол үчүн сага турмушка чыккам.
ДИВАНДЫН АСТЫНАН БУТУН КӨРҮНүП ТУРАТ, чык! МЕН ДҮКӨНГӨ НАНГА КЕТТИМ, азыр келем ТАМАКТАНАБЫЗ! деп жазган болот!
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.80101.80
RUB1.1101.135
KZT0.15000.1800

обновление 17.07.2025 17:38:17

Президент Жапаров Баткенге эки күндүк сапар менен барды

Мамлекет башчы бүгүн, 20-мартта Раззаков шаарына барып, Исфананын аталышын өзгөртүүгө арналган иш-чарада сөз сүйлөдү. Ал шаар аталышын өзгөртүү демилгеси жалпы кыргыз элинин, өзгөчө Раззаковдун кичи мекени Баткен облусунун жашоочуларынын эркине эрк кошуучу, мекенчилдик сезимдерин күчөтүүчү негизги факторлордон болоору талашсыз экенин айтты. Исхак Раззаков Кыргыз Республикасын болгону 16 жыл башкарса да, мекен үчүн өлчөөсүз чоң эмгек жасаганын белгиледи. Жапаровдун Баткен облусуна иш сапары...


20.03.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31761957.html

 
Loading...

Жарыялар