Кыргызча анекдот / апенди:

Аялын тамашалаганда
Бир киши аялын текшерип көрөйүн деп
"мени сүйөт бекен, же сүйбөйт бекен" деп план кылат.
Анан аялы үйдө жокто кат жазып баштайт:
"мен кеттим, сени менен ажырашам, сени менен жашай албайм" деп,
катты бөлмөсүндөгү тумбочканын үстүнө коюп, өзү дивандын астына жашынат.
Жолдошу бул кичинекейлерди оюну экенин түшүнсө да, жубайын текшергиси келет.
"Жубайым менин кеткениме кайгырабы?! деп.
Аялы үйүнө келип, бөлмөсүнө кирип катты алып окуйт.
Анан калем сапты алып, жанагы катка бираз жазат.
Аял телефонду алып:
-Алло,жаным кандайсың?, элестет жолдошум өзү эле кетип калыптыр,
эмнеге ушуга турмушка чыкканыма өзүм да түшүнбөйм, эми мунун баары артта, эми сен барсын!
Азыр барып калам, жолугабыз, деп сүйлөшөт!
Шкафты ачып сонун кийимдерин кийип, бийлеп үйдөн чыгып кетет!
Аялы кеткенден кийин, жолдошу ыйлап дивандын астынан чыгып, ачуусу келип, шайы кетип, эмне кылаарын билбей,
катты алып окуйт. Катка аялы минтип жазган болот:
- Жаным мен сенден башка эч кимди сүйгөн эмесмин, сүйбөйм дагы, Сени сүйөм ошол үчүн сага турмушка чыккам.
ДИВАНДЫН АСТЫНАН БУТУН КӨРҮНүП ТУРАТ, чык! МЕН ДҮКӨНГӨ НАНГА КЕТТИМ, азыр келем ТАМАКТАНАБЫЗ! деп жазган болот!
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD69.6569.85
EUR77.5078.30
RUB1.1181.127
KZT0.18000.1850

обновление 16.01.2020 07:53:10

Базарбеков сот тармагы журналисттерге ачык болорун айтты

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков “Соттор менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы байланыштарды бекемдөө” боюнча кезектеги жыйында сот системасы журналисттерге ачык болушу керек экенин белгилеп, бул маселени жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди. «Сот системасы журналисттерге, сиздерге өз убагында ыкчам маалымат берип туурууга милдеттүү. Сиздер дагы бир гана маалыматты талап кылбастан, сот тутумун өнүктүрүүгө, коомчулукка укуктук сапаттуу маалымат берүүгө көмөктөшүүңүздөр...


24.03.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31768787.html

 
Loading...

Жарыялар