"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку
Азербайжандын туңгуч президенти Аяз Муталибов көз жумдуАзербайжандын туңгуч президенти Аяз Муталибов 84 жашында Бакуда көз жумду. Ал бийликке келгенден бир жыл өтпөй 1992-жылы кулатылып, Орусияга качууга аргасыз болгон. Ал жакта жыйырма жылдай жашаган. Муталипов 1990-жылы республикалык компартиянын борбордук комитетинин биринчи катчылыгына шайланган. Ошол эле жылы Азербайжандын Жогорку Кеңеши Муталибовду СССРдин курамындагы республиканынын президенттигине шайлаган. Өлкө эгемендикке жеткенден кийин өткөрүлгөн шайлоодо ал жалгыз кандидат болуп,... 28.03.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31774475.html |
|
Loading...
|
|
|