Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Орусия Украинаны Брянск облусун аткылады деп айыптадыОрусиянын Брянск облусунун бийлиги Климово кыштагы аткыланганын жана бир нече тургун жарадар болгонун 14-апрелде билдирди. Облус губернатору Александр Богомаз бул үчүн украин куралдуу күчтөрүн күнөөлөдү. Анын айтымында, 2 турак жай жабыркады. Жергиликтүү оорукананын өкүлү 7 киши жараат алганын, арасында жаш бала жана кош бойлуу аял бар экенин ТАСС агенттигине маалымдаган. Орусиянын Тергөө комитети кийинчерек айылга украиналык эки тик учак сокку урганын жана кылмыш ишин козгогонун билдирди.... 14.04.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31803524.html |
Loading...
|
Жарыялар |