Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган 400дөн ашуун айдоочуга ысык тамак берилдиКыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде Казакстанга кире албай турган жүк ташуучу машинелердин айдоочуларына ысык тамак берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-апрелде билдирди. Маалыматка ылайык, 360 жүк ташуучу автоунаанын 420 айдоочусуна ысык тамак берилип, тамактануучу жайлар дагы уюштурулду. Мекеменин кызматкерлери күнү-түнү ошол жерде иш алып барып жатканы кабарланды. Буга чейин Министрлер кабинети бул маселе Кыргызстан менен Казакстандын... 17.04.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31807349.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |