карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Садыр Жапаров азербайжандык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырдыПрезидент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары учурунда азербайжандык бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууга мунай өндүрүү, курулуш, туризм, энергетика, телекоммуникация, жогорку технологиялар, айыл чарба, тоо кендерин иштетүү, камсыздандыруу тармагындагы ири компаниялардын жетекчилери катышкан. Жолугушууда президент Садыр Жапаров келечектүү тармактарга токтолуп, потенциалдуу инвесторлорду... 20.04.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31813092.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |