Кыргызча анекдот / апенди:

Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD86.4586.85
EUR90.5091.50
RUB0.8550.875
KZT0.12200.1900

обновление 21.11.2024 19:00:23

Цианидге уулангандардын "Кумтөргө" каршы арызы боюнча сот чечими чыкты

Бишкектин Октябрь райондук соту Ысык-Көлдө төгүлгөн цианидден жабыркаган 54 адамдын "Кумтөрдөн" кенемте төлөтүү тууралуу арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу «Азаттыкка» доогерлердин коомдук жактоочусу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева билдирди. Анын айтымында, сот чечими 21-апрелде чыкты, эми кийинки инстанцияга апелляциялык арыз берилет: “Бүт мыйзам биз тарапта эле. Ар бир доогердин анализинен цианид чыкканы тууралуу соттук-медициналык...


22.04.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31815110.html

 
Loading...

Жарыялар