мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Кийинки анекдот/апендини оку
УКМК Баткенде мамлекеттик кызматкер пара менен кармалганын билдирдиМамлекеттик курулуш, турак жай жана архитектураны көзөмөлдөө агенттигинин Баткен облустук башкармалыгынын инспектору прокуратуранын тергөөчүсүнө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүдө 30 жаштагы С. И. К. 27-апрелде, Баткен облустук прокуратурасынын тергөөчүсүнө 20 миң сом пара берип жатып кармалганы, баштапкы тергөөдө ал параны өзүнүн кесиптеши - 39 жаштагы Б. Ж. Т. аттуу инспектордун... 01.05.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31829103.html |
Loading...
|
Жарыялар |