карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Ошто таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууландыОшто таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланды. Бул сан дагы өсүшү мүмкүндүгүн Ош облустук санэпидкөзөмөл борборунун адистери "Азаттыкка" билдиришти. Уулангандардын 18и чоң кишилер, калганы балдар. Алардын үчөө оор абалда ооруканада жатат. Окуя 1-майда катталган. Мекеменин баштапкы маалыматына ылайык, жабыркагандар "Сахобат" деп аталган кондитердик цехте жасалган таттуу токочтон ууланган. Адистер аталган ишкананын азыктарын текшерип, ушундай тыянак... 02.05.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31830411.html |
Loading...
|
Жарыялар |