Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.10102.10
RUB1.0701.090
KZT0.15000.1640

обновление 13.10.2025 09:16:09

Согушка катышкан ардагерлердин элүү чактысы гана калды

Кыргызстанда фашизмге каршы согушка катышкан ардагерлер элүү чакты гана адам калганын бүгүн 9-майда “Азаттык” радиосуна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Мекеменин 1-апрелге карата маалыматы боюнча, согуштун катышуучулары 49 адам, майыптык алгандар 19, концлагердин туткундары 10 жана Ленинградда камоолдо болгондор 14 адам калган. 1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 365 миң адам катышкан, алардын 114 миңи кайтпай калган. (RK)  


09.05.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31840680.html

 
Loading...

Жарыялар