Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Индиялык жаранды сабоого шектүүлөр кармалдыИчки иштер министрлигинин маалыматына караганда, индиялык жаранды Бишкектеги кафелердин биринде сабоого шек саналып, эки адам кармалды. Маалыматка ылайык кармалгандардын экөө тең 22 жашта. Милиция жарандарды кандайдыр бир кылмыш аракеттери же мыйзам бузуулар түшкөн видео жана сүрөттөрдү алдын ала социалдык тармактарга жарыялабоого чакырып, бул шектүүлөрдү кармоого тоскоолдук жаратып жатканын билдирди. Окуя боюнча Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. 8-майга... 11.05.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31844016.html |
Loading...
|
Жарыялар |