анда рекламасын да кылба ...
Жаш, сулуу катчы кыз акыркы күндөрү аябай кыска, ачык кийине баштайт. Өзгөчө, ал кыз басканда жаш директордун жүрөгү опколжуп чыкчу болот. Бир күнү директор өзүн кармана албай, кызды бөлмөсүнө киргизип эшикти бекитип, кызга отуруусун буюрат. Катчы кыздын отурган абалын карап, директордун көздөрү чанагынан чыкчудай болот. Кызга жакын келип, колун анын тизесине коюп:
- Бул саткылыкпы?
- Жок, албетте. Сиз мени ким деп ойлоп жатасыз?
Директор кебелбей:
- Эгер саткың келбесе, анда рекламасын да кылба...
Кийинки анекдот/апендини оку
ӨКМ Сузактагы селден жыйырма беш үй авариялык абалга келгенин билдирдиӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы 4-майдагы селдин кесепетинен Сузак районундагы Барпы айыл аймагынан 13 турак үй, Атабеков айылынан 10, Сузак айыл аймагында эки үй авариялык абалга келгенин билдирди. 5-майда Сузак районунун бир нече аймагында сел жүргөн. Кокту-колоттордон түшкөн сел онго чукул айылды каптап, 1000ден ашуун тургун коопсуз жерге чыгарылган. Селден Сузактын Барпы жана Атабеков айылдарынан 654 турак үй, онго жакын социалдык мекемелер жабыр... 13.05.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31847721.html |
Loading...
|
Жарыялар |