Салам кат
Солдат суйгөн кызынан кат алат.
'Мен башка жигит таптым, баягы сурөтүмдү кайра бер' деген жерин кайта-кайта окуйт. Анан жигит бүт взводдон кыз аттуунун болгон сүрөтүн чогултуп, арасына тиги 'сүйгөнүнүн' сүрөтүн кошуп туруп моминтип кат жазат: 'Нарындан жазган салам катыңды алдым. Сени эстей албай койдум. Мобул сүрөттөрдүн арасынан өзүңдү таап ал да, калганын кайра салып жибер'.
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргыз драма театры койгон спектакль Казакстанда көрсөтүлөтКыргыз улуттук академиялык драма театры койгон Мухтар Ауэзовдун чыгармасынын негизиндеги “Енлик-Кебек” спектакли Казакстандын Кызыл-Ордо, Түркстан, Чымкент, Тараз аймактарында гастролдук турне менен болот. Бул тууралуу Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев билдирди. Анын айтымында, иш-чараны казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына карата ТҮРКСОЙ уюму уюштурууда. Раев ушул күндөрү иш сапар менен Казакстанда жүргөнүн, анда иш-чараны уюштуруу маселеси талкууланганын айтты.... 26.05.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31868290.html |
Loading...
|
Жарыялар |