карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Түркиянын Анталья шаарында орусиялык туристтер азайдыБыйыл Түркиянын Анталья курорттук шаарына келген орусиялык туристтердин саны коронавирус пандемиясы башталганга чейинки мезгилге же 2019-жылга салыштырмалуу 72 пайызга азайды. Орусиянын Туроператорлор биримдигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алгачкы беш айында Антальяга 367,8 миң орусиялык турист барган. 2019-жылдын бул мезгилинде Антальяда эс алган орус туристтеринин саны 1,3 миллионго жеткен болчу. Туроператорлор биримдиги Антальядагы орусиялык туристтердин азайышын геосаясий кырдаал... 07.06.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31887523.html |
|
Loading...
|
|
|