апенди
Апендинин барбаган жери, кылбаган иши жок эмеспи. Анын сыңарындай апенди АКШда МАИде иштеп калат экен. Кечке турса да эч кимге штраф жаза албайт дейт. Иш убактысы бүтүп, эми кетейин деп жатса, жолдон велик минген бирөө баратыптыр.Апенди аны токтотуп: "Сага штраф жазам" десе, тиги: "Жок, мага штраф жаза албайсың. Себеби, мен попмун.Бир далымда Мариям эне, бир далымда Иса ата бар" дептир. Анда апенди: "Омееей, жол эрежесин даана силер бузган турбайсыңарбы. Беш жүз доллар штраф жазам. Себеби, бир великке үчөөңөр минип алыпсыңар" деген экен.адыл
Кийинки анекдот/апендини оку
Аба ырайы: тоолуу аймактарда өткүн өтөт11-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 25…30; Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз... 10.07.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31936864.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |