карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Мектеп директорлорун сынак менен тандоо тууралуу жарлык чыктыКыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандала турган болду. Бул боюнча “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кесипкөй адистерди тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртууга багытталган. Жарлыкка ылайык, беш... 12.07.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31940141.html |
Loading...
|
Жарыялар |