мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Кийинки анекдот/апендини оку
Турак жай кооперативдери боюнча мыйзам жазылатЖогорку Кеңеш турак жай кооперативдери боюнча мыйзам даярдап жатат. Бул тууралуу парламенттеги "Ишеним" фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов "Азаттыкка" билдирди: "Турак жай кооперативдеринин дарегине карата элден арыз-дооматтар көп түшүп жатканына байланыштуу биз атайын мыйзам жазууну чечтик. Азыр жаңы эле башталып, жумушчу топ түзүлдү. Күзгө барып, буюрса даяр болот. Ошого биз мыйзам түрүндө бөгөт коюу жагын карап жатабыз. Бүт жолдору каралат". ИИМ... 13.07.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31941273.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |