Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Таласта мектеп директорлугуна сынак өтүп, төрт талапкердин үчөө өтпөй калдыБилим берүү жана илим министрлиги Талас облусунда мектеп директорлорун дайындоо боюнча биринчи пилоттук сынак өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Талас районундагы "Манас" мектеп-лицей-интернатына жана Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеп-интернатына директорлорлук кызматка жети талапкерден арыз түшүп, төртөө сынакка катышты. 1,5 саатка созулган тестте “Башкаруучулук менежмент”, “Педагогика”, “Курак психологиясы”, “Нормативдик... 22.07.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31954842.html |
|
Loading...
|
|
|