Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.2089.10
EUR95.6096.60
RUB0.9630.975
KZT0.14020.2050

обновление 16.05.2024 14:50:13

Украина АКШдан жалпы 16 даана HIMARS системасын алды

АКШ жөнөткөн дагы төрт HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары Киевге келип түштү. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников Твиттердеги баракчасында кабарлап, Кошо Штаттардын президенти Жо Байденге жана америкалык кесиптеши Ллойд Остинге ыраазычылык билдирди. Украин министри алардын колундагы аталган куралдын санын тактап жазган жок. Вашингтон Киевге буга чейин HIMARS системасынан 12 даана жөнөткөн. Жаңы системалар менен алардын жалпы саны 16га жетти. АКШнын Өкүлдөр...


02.08.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31970280.html

 
Loading...

Жарыялар