Адеп сабагы
Бир окуучу үйүнө ыйлап келет экен, адеп сабагынан эки алдым деп.
Атасы баласына адепти үйрөнүп алсаң болот эле го, кел мен сага адепти үйрөтөйүн дейт экен.
-Мисалы, көчөдө бара жатасың, алдыңдагы адам акчасын түшүрүп байкабай кетип жатат.
Мынаке, адеп деген ушул жерде башталат!
Сен ал акчаны алдың, аны сен өзүң эле пайдаланышың керекпи же бир досуң менен бөлүшүшүң керекпи деген экен атасы.
Кийинки анекдот/апендини оку
Боомдогу автомобилдик кыймыл толук калыбына келтирилдиБоом капчыгайындагы жолдо автомобилдик кыймыл толук бойдон калыбына келтирилгенин, жол эки тарапка тең ачылганын 5-августтун кечки саат 9унда Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек–Балыкчы автожолунун 136-чакырымында 600 куб метрлик көчкү түшкөн, анын баары тазаланды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Боомдо нөшөр жаандан кийинки селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калганын... 05.08.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31975582.html |
Loading...
|
Жарыялар |